Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 5 Жарлыкка кол койгону президенттик аппарат тараткан маалыматтан белгилүү болду.
Анда айтылгандай 3 Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 976 адам кабыл алынды (анын ичинен 821 — чоң адамдар жана 155 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Кыргызстандын жарандыгын алгандардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандагы этникалык кыргыздар экени маалым. Алардын көбү этникалык мекенине ар кандай себептер менен кайрылып келгенине көп болгон, бирок кыргыз атуулдугун алуу бактысы ушул жылга туш келгени айтылууда. Ошондой эле бир убакта кыргыз жарандыгынан баш тартып башка мамлекеттердин тузун татып жүрүп, акыр аягында мекенине кайтууну туура көргөндөр да бар. Башка өлкөлөрдө, мисалы Казакстанда, Пакистан, Түркия жана Египетте төрөлүп-өсүп, эми кыргыз жергесинде жашоону артык көргөндөр да кездешти.
Жарандыкты алууга умтулгандардын бул түрүнө Кыргызстандын жараны менен никеге тургандар, Кыргызстандын жараны менен башка өлкөнүн жаранынын ортосундагы никеден төрөлүп, эми энесинин этникалык мекенине кайтууну каалагандар кирээри айтылды.
Ошондой эле бул сапар Кытайдан кайткан этникалык кыргыздарга да жарандык берилди. Акыркы жылдары Кытай жергесиндеги мусулман азчылыкка жасалган мамиле тууралуу ар кандай маалыматтар пайда болуп жатканын эске алсак бул өлкөдөн кетип кыргыз жерине отурукташууну самагандардын каалоосун түшүнүүгө болот.
Андан сырткары 1990-жылдардагы агымга түшүп, этникалык мекенине кайтууга бел байлаган орус улутундагылардын айрымдары кайрылып тууруна конууну туура көрүшкөнүн да билүүгө болот.
Арасында эркин өлкөлөрдө өсүп бирок Кыргызстандын жарандыгын өйдө көргөндөр бар. Андыктан жарандыктан чыгуу жана алуу жагдайларын саясатташтырууга же кайсы бир өлкөдө демократия кеңири деп бүтүм чыгарууга болбойт. Ар бир адам өзүнүн шарт-жагдайына, жүрөк каалоосуна жараша турмуш кечирүүгө укуктуу. Жарандыгын алмаштыргандардын ар биринде өзүнө тийиштүү олуттуу себеби бар. Биз жөн гана кыргызстандыктардын катарына кошулгандардын ар бирине “кош келиңиз” гана дейбиз.