Воскресенье, 24 ноября

БУУ: Идлибге 2 күндө 100дөн ашуун авиасокку жасалды

0

Акыркы эки күндө Идлибдеги деэскалция аймагына жүздөн ашуун авиасокку жасалды. Бул тууралуу БУУнун коопсуздук Кеңешинин жыйынында БУУнун гуманитардык маселелер боюнча башкы катчысынын орун басары Марк Лоукок билдирди.

Айтымында деэскалция аймагынын түштүк жана батыш бөлүгүнө аба соккуларынын жана артиллериялык ок атуулардын жыйынтыгында жай тургундардын арасынан курман болгон, ар кандай жараат алгандар көп болду.

“Авиасоккулардын жыйынтыгында төртүнчү жана алтынчы ноябрда төрт медициналык мекемеге зыян келтирилди”, — деди Лоукок.

БУУнун башкы катчысынын орун басары Сириянын жай тургундары «Хайят Тахрир аль-Шам» террористтик уюмунун согушкерлеринин да кысымына дуушар болуп жатышканын белгиледи.

Лоукок андан ары көңүлдү Сириянын түндүк-чыгышындагы кырдаалга бурду. Айтымында Түркиянын АКШ жана Россия менен келишиминен кийин өлкөнүн бул аймагындагы кырдаал жеңилдеди.

Ал белгилегендей жай тургундардын басымдуу бөлүгү, 200 миң чакты адам өз үйлөрүнө кайтып башташты.

Түркия гуманитардык операцияларга көмөк көрсөткөнүн, суу жана электр системасын калыбына келтиргенин БУУнун өкүлү кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз