Воскресенье, 8 сентября

Кытайдын уйгурларга кысым жасоо боюнча инструкциясын ММКлар ачыкка чыгарды

0

Америкалык ММКлар Кытай бийлигинин Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун коопсуздук түзүмүндөгү инструкциясынын текстин жарыялашты.

New York Times чыгарган документтин 403-бетинде автономиялык райондогу этникалык азчылыкка кысым көрсөтүүнүн ыкмалары кеңири чагылдырылган, этникалык азчылыктын өкүлдөрү менен идеологиялык иштөөдөгү, дүйнө коомчулугуна көбүнесе “уйгурлар үчүн концентрациялык лагерь” катары таанымал ишмердүүлүктүн принциптери берилген.

Документтин куру дегенде 200 барагында КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин жана уйгурларды “көзөмөлгө” алуу боюнча башка жогорку даражалуу аткаминерлердин көрсөтмөлөрү камтылган.

Түрктөрдүн компактуу жашооосуна үзгүлтүксүз инспекцияларды жүргүзүү, исламдын тарабашына тийиштүү чараларды көрүү белгиленген.

Ошондой эле документте бир канча жыл мурда Нью-Йоркто болгон чабуулдан кийин АКШнын “терроризмге каршы согуш” аракети үлгү келтирилген. Белгиленгендей Синьцзян-Уйгур автономиялык районундагы этникалык азчылыкка каршы күрөш “терроризмге каршы күрөш” катары сыпатталат жана “эч убакта аео болбош” керек.

Документте Кытайдын алдыңкы саясатчыларынын уйгурлар үчүн концентрациялык лагерлерди түзүүнү мыйзамдаштыруу керек деген билдирүүлөрү келтирилген. Андан тышкары концентрациялык лагерлерге жайгаштырылган түрк-уйгурлар эч кандай мыйзамсыз аракеттерди жасашпаса дагы “аларды радикализм вирусунан айыктыруу” абдан зарыл экени айтылган.

Аны менен катар чет өлкөлөрдөн билим алып келген уйгур жаштарынын аракеттерин кылдат байкоонун маанилүүлүгү белгиленген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз