Вторник, 17 сентября

Лукашенко президенттик шайлоого дагы бир ирет катышат

0

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко 2020-жылы болот урчу президенттик шайлоодо талапкерлигин коет. Президент бул тууралуу мындай деген:

«Мен креслого жармашпайм. Эгер силердин буга каршы экениңерди сезсем албетте сарсанаа болом. Ошентсе да силер муну шайлоодо көрсөтүп, менин талапкерлигимди колдобой койсоңор болот».

Лукашенко ошондой эле президенттик шайлоодон кийин өлкөнүн Конституциясын өзгөртүү ниети бар экенин билдирген.

Эске салсак Александр Лукашенко Беларусияны 25 жылдан бери башкарып келет. 1994-жылы өлкөдө президенттик кызмат түзүлгөндөн кийин антикоррупциялык комиссиянын жетекчиси Лукашенко шайлоочулардын көбүнүн добушун алып, өлкөнүн туңгуч президенти болуп шайланган. Андан бери өлкө Конституциясы бир канча жолу өзгөртүлүп, Лукашенконун бийликте калуусуна мүмкүндүк түзүлгөн. ЕККУ жана ЕБ өлкөлөрү Беларуста өткөн акыркы бир нече шайлоону легитимсиз деп аташкан. Дүйнөдө Лукашенконун өзүн «Европанын акыркы диктатору» деп атап келишет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз