Воскресенье, 8 сентября

Тажикстандын президенти Нобель сыйлыгына төртүнчү жолу көрсөтүлдү

0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду ушуну менен төртүнчү жолу Нобель сыйлыгына көрсөтүштү. Буга дейре үч жолкусунда тең мындай аракет жүзөгө ашкан эмес.

15-ноябрда Тажикстандын президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу институтундагы Президенттин күнү майрамга арналган салтанатта 3-курстун студенти Зарина Саидова жана эл арадык мамилелер факультетинин деканынын орун басары А. Бобозода Эмомали Рахмонду “улут Лидеринин орчундуу эмгеги” үчүн Нобель сыйлыгына сунуштоо демилгесин көтөрүшкөн.

1999-жылы Рахмон Нобель сыйлыгына жарандык согушту токтоткону үчүн сунушталган. Ошол убакта маалымат каражаттарында масштабдуу кампания башталган бирок Нобелдик комитет тажик президентинин талапкерлигин караган эмес.

2016-жылы мурдагы мелиорация министри Хикматулло Насриддинов Рахмонду Нобел сыйлыгына көрсөтүп жана ага арнап Душанбенин борборуна эстелик орнотууну айткан.

Ал эми 2018-жылы өзбек диаспорасы Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттери Мирзиеев менен Рахмонду дүйнөлүк сыйлыкка татыктуу деп табышкан. Алар бул президенттер эки өлкөнүн ортосундагы муздак согушка чекит коюп эрдик кылышканын белгилешкен.

Эмомали Рахмон 67 жашта жана тажик өлкөсүн 1992-жылдан тартып 27 жылдан бери башкарып келатат. Анын тарапташтары президент жарандык согушту токтотуп, өлкөнү кыйроодон сактап калганын жана тынчтык менен бакыбат жашоону кайтарып бергенин айтышат.

Ошол эле учурда атаандаштары Рахмонду авторитардык режим орнотууга айыпташат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз