Пятница, 18 октября

Иранда митингчилер борбордук банкты өрттөп салышты

0

Иранда 15-ноябрда башталган митинг дагы деле митинг агы деле  уланууда. Эл күйүүчү майдын кымбаттаганына нааразы болуп көчөгө чыгышты.

Айрым маалыматтарга караганда Иран өкмөтү тарабынан акыркы учурда күйүүчү майдын бир литри 50 пайызга чейин кымбаттаган. Ошондой эле бир адамга сатылуучу күйүүчү майга көлөм чеги да коюлган.

Мына ушулар элди митингге чыгарганы айтылууда. Полиция аларды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Кээ бир маалымат каражаттары полиция менен митингчилердин кагылышуусунан курман болгондор да бардыгын жазып жатышат. Эл күйүүчү май сакталган жайларды өрттөөгө аракет кылышкан, бирок ал жүзөгө ашпай, борбордук банктын имаратына өрт коюшкан. Ирандын башкы прокурору Мохаммад Жафар Монтазери митингчилер чет өлкөдөн каражат алышкан деп билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз