Четверг, 19 сентября

Кыргызстан пенсия, пособия гана төлөгөн мамлекетке айланууда

0

Социалдык фондго чукул арада өзгөртүү киргизбесек Кыргызстан пенсия, пособия гана төлөгөн мамлекетке айланат. Мындай пикирин депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Айтымында жыл өткөн сайын өлкөдө пенсия, пособия алгандардын саны көбөйүүдө. Мисалы каржы полициясы, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мекемесинин кызматкерлери дагы өздөрүн аскерлерге теңеп, 40 жаштан пенсияга аттанып олчойгон акчаны алып отурушат. Булардын пенсиясын төлөөгө келээрки жылы бюджеттен дээрлик 3 миллиард сомго чукул каражат сарпталат.

“Социалдык фондго чукул арада өзгөртүү киргизүү зарыл. Ал үчүн өкмөт чечкиндүү кадамдарды жасашы керек. Анткени азыркы учурда пенсияга эрте чыккандардын саны өсүүдө. Мисалы иштеп жаткан мыйзамдын негизинде пенсияга чыгуунун 17 түрү колдонулат. Муну 7ге чейин кыскартуу керек. Ошондой эле талап кылынган тажрыйбаны 3 жыл эмес 20 жылдык кылып өзгөртүү, жеңилдик менен пенсияга чыккандардын санын кыскартуу шарт”,-деди Жапаров.

Мындан тышкары эл өкүлү социалдык фондго бүгүн реформа жасалбаса эртең кеч болуп калаарын айтууда.

“2023-жылы тышкы карыздарды төлөө мөөнөтү келет. Азыр унчукпай отура берсек 2 жылдан кийин жарандардын пенсия, пособияларын бере албай калабыз. Чыныгы башаламандык мына ошондо башталат. Муну биз элге ачык айтышыбыз керек”,-деди эл өкүлү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз