Пятница, 20 сентября

Эсеп палатасы: Соцфонддо мыйзам бузуулар көп

0

2018-жылы Соцфонддо каржы тартиби боюнча мыйзам бузуулар көп болгон. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын аудитору Айжан Садыркулова парламенттеги комитет жыйынында билдирди.

“Социалдык фонддо каржы тартиби көп бузулгандыктан мүчүлүштүктөрдү оңдоо жөнүндө эскертүү каты жөнөтүлгөн. Бирок азырынча Соцфонддун ишиндеги көрсөтүлгөн кемчиликтер толугу менен оңдолуп бүтө элек, жообун күтүп жатабыз”,- деди Садыркулова.

Соцфонддун төргасы болсо анчейин каржылык бузуулар болбогонун, бирок киреше бөлүк болжолдонгондон 158 миллион сомго аткарылбай калганын, бул боюнча тиешелүү кызматкерлерге эскертүү берилгенин айтты.

“Эсептөө палатасынын эскертүү каты коллегияда каралып, анын жыйынтыгында 11 кызматкерге сөгүш жарыяланып, 6 жетекчиге эскертүү берилген”.

Айта кетсек, бүгүн парламенттеги бюджет комитети Социалдык фонддун 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2020-2021-жылдарга болжолу боюнча мыйзамды талкуулады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз