Суббота, 21 сентября

Сооронбай Жээнбеков: Экспортту өнүктүрүү — артыкчылыктуу багытыбыз

0

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда Кыргызстандын артыкчылыктуу багыты экспортту өнүктүрүү экенин белгиледи.

Мамлекет башчынын айтымында Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча атайын программасы кабыл алынган. Ошондой эле экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо долбоору бекитилди.

“Орто мөөнөттөгү убакытка биз тигүү өнөр-жайын жана эт, сүт, жашылча-жемиштерди кайра иштетүү багыттарын приоритет катары тандап алдык. Негизги көйгөй — экспорттук өндүрүш үчүн узак мөөнөттүү арзан каражаттардын жетишпей жаткандыгы. Ушул үчүн экспорттук операцияларды каржылоо боюнча атайын финансы институтун түзүү зарылдыгы жаралды”, — деди президент.

Ал белгилегендей экспортту өнүктүрүү үчүн инвестициялык климатты жакшыртуу маселесине өзгөчө басым жасалат. Кыска мөөнөттүн ичинде бирдиктүү терезе принциби аркылуу инвестициялык долбоорлорду коштоонун механизмдери киргизилет.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу менен энергетика, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, туризм тармактарындагы долбоорлор колдоого алынат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз