Суббота, 21 сентября

Соцөнүктүрүүнүн өспүрүм министри Улукбек Кочкоровго тапшырма берди

0

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жарым саатка шал оорусу менен жабыркаган өспүрүм Тилеген Рахатбеков башкарды. Аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай бул иш чара БУУнун балдар укугу боюнча Конвенциясынын кабыл алынганына 30 жыл толгонунун урматына өткөрүлдү.

Өспүрүм министр Улукбек Кочкоровдун креслосуна отуруп, министрликтин кызматкерлерине бир катарп тапшырмаларды берди.

Ал биринчи кезекте майып адамдар үчүн шарт түзүүнү сунуштады. Улукбек Кочкоровго майыптар мектепти аяктагандан кийин аттестат албай турганын айтып, мындан ары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге да орто билим тууралуу документ берилсе жакшы болоорун белгиледи. Ошондой эле майыптар үчүн ыңгайлуу үйлөрдү курууну суранды.

А Улукбек Кочкоров өспүрүмдү угуп, анын сунуштарын көңүлгө алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз