Суббота, 21 сентября

Кремль үчүн ойлондуруучу белги: Сирияда россиялык аскерлер ташбараңга алынды

0

Сириядагы жергиликтүү ММКлар жана социалдык тармактардын колдонуучулары сириялыктар россиялык аскерлерге таш ыргытып жаткан учурду чагылдырган видеолорду жүктөштү. Видеодон жана сүрөттөрдөн Кобани шаарынын кыжырданган эли россиялык аскер-транспорттук колонналарга таш ыргытышканын көрүүгө болот. Алардагы эпизоддордун бири бир нече ондогон адамдар Россиянын куралдуу күчтөрүнүн брондолгон машинесин токтотушкан. Бир нече адам россиялык аскер полициясынын эмблемасы түшүрүлгөн машинеге чыгышкан. Бул видео жергиликтүү сайтка жарыяланган.

Булардын баары Сирияда Россияга карата нааразычылык акырындык менен күчөп келатканын кабарлайт.

“Адам укуктары боюнча сириялык тармак” жакында эле Россияны айыптаган билдирүүсүн тараткан. Анда 2015-жылы россиялык күчтөр Сирияда жүздөгөн аскердик кылмыштарды жасаганы айтылат.

Россиялык аскердин операциялар 6500дөн ашуун жай тургундардын өмүрүн алганын укук коргоо тобу докладынын 40-барагында жазышкан. Бул доклад россиялык аскердин сириялык каршылашууга аралашканына туура төрт жыл болгондон кийин 30-сентябрда жарыяланган.

Андан тышкары россиялык аскер авиациясынын Сириядагы ооруканаларга сокку урганын көргөн жаңы күбөлөр пайда болгону айтылган. 2-ноябрда эле россиялык авиасокку Идлибдин алты жай тургунунун, анын ичинде бир жаш баланын өмүрүн кыйган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз