Суббота, 21 сентября

Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды

0

2018-жылы Казакстанда контрабандага шектелип кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланганы айтылууда.

Маалым болгондой Дамирбек Асылбек уулу менен бирге кармалган эки кыргызстандык дагы экстрадицияланып, мындан аркы мөөнөтүн Кыргызстандын абактарында өтөйт.

Эскерте кетсек өткөн жылдын 15-16-февралында ири контрабандалык жүктөр колго түшүрүлгөн. Андагы 28 адамдан турган трансулуттук кылмыштуу топтун арасында Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу дагы болгон. Мурдагы депутат Алматы шаардык соту тарабынан 10 жылга кесилген.

Эске сала кетсек сотто Дамирбек Асылбек уулунун контробандалык жүктөргө, трансулуттук кылмыштуу топторго тиешеси бар экендиги далилденген эмес. Бирок сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Дамирбек Асылбек уулу кармалгандан кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги ал Казакстандын жараны экенин билдирген. Буга байланыштуу апрель айында БШК аны депутаттык мандатынан ажыраткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз