Россия Сириянын Түркия менен чектешкен аймагындагы жаңы базага вертолет жана башка жабдыктарды жеткирүүнү баштаарын мамлекеттик телеканал 14-ноябрда жарыялады. Бул Кремль согуштан улам бош калган өлкөгө аймактык таасирин бекемдөөгө умтулганын билдирет.
Сириянын түндүк-чыгышын карай Жер ортолук деңизиндеги “Хмеймим” базасындагы Эль-Камышлы абамайданында эки Ми-35 аскер вертолету жана транспорттук вертолет жеткирилген.
Бул тууралуу Россиянын коргонуу Министрлигин алдындагы “Звезда” телеканалы маалымдаган.
Буга дейре Россия “Хмеймим” базасынан болжол менен 500 чакырым алыстыкта жайгашкан Эль-Камышлы абамайданын узак убакытка ижарага алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылган.
Россия андан сырткары бул абамайданга күйүүчү май, метеорологиялык жардам жөнөткөн, үзгүлтүксүз учууларды камсыздоо, вертолетторду сактоо жана бул аймакты кайтаруу жана коопсуздугу үчүн 10 транспорттук каражат бөлүнгөнүн да “Звезда” жарыялады.
Бирок россиялык аскерлер Сириядагы аймактык оккупациясын кеңейтүүнү башташаары менен алар жергиликтүү тургундардын өтө күчтүү каршылыгына кабылышты.
Сириядагы айрым ММКлар жана соцтармактардын колдонуучулары 6-ноябрда Кобани шаарынын жергиликтүү тургундары россиялык аскер күчтөрүнүн автоколоннасына таш ыргытышканын чагылдырган видео жарыялашкан.
Андан бери ушул сыяктуу бир нече окуялар кайталанды, арасында 8-ноябрда россиялык аскерлердин Аль-Муаббаддагы транспорттук каражаттарына жергиликтүү тургундардын кол салуусу да бар.
Бул убакытта батыш өлкөлөрү Россия менен Сирияны жай тургундарга чабуул жасоону токтотууга чакырышууда.
Россиялык аскер операцияларынын жыйынтыгында 6500дөн ашуун жай тургундар каза тапкан.