Воскресенье, 24 ноября

Президент маморгандардагы “туура эмес адамдардан” арылтчу тазалоо процесси зарылдыгын айтты

0

Президент Сооронбай Жээнбеков “коррупция менен күрөш оңой маселе эместигин бирок ага карабай күрөш уланып жатканын” “Кабар” берген маегинде белгилеген.

Мамлекет башчы жарандардын баары коррупция менен күрөштү колдоорун, бирок иш жүзүндө башкача болуп жатканын айткан.

“Бирок иш жүзүндө башкача болууда. Калкыбыз 6,5 миллионго жетип калды. Сурап келгенде баардыгы тууган же куда-сөөк болуп чыга келет. Жакындары пара менен колго түшсө, дароо ага колдоо көрсөтө башташат. Албетте, буга окшогон маселелер да жок эмес. Бирок, акырындан бул да артта калып жатат десем болот», — деген Жээнбеков.

Президент коррупция менен күрөштү жүргүзө турган мамлекеттик органдарды тазалоо процессин ишке ашыруу эң башкы маселе экенин белгилеген. Айтымында сот системасы, прокуратура, милиция, Финполиция, Эсептөө палатасы жана башка маморгандарды тазалоо зарыл. Мындай процесс жетекчиликтеги “туура эмес адамдардан” арылууга жол ачат.

“Бизде эрк бар. Тазалоо процесси уланат. Эң негизгиси элдин колдоосу бар», — деген президент.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз