Воскресенье, 24 ноября

Фарид Ниязов Абдукадыр тууралуу билдирүү жасаган эмеспи?

0

Кечээ Хабибула Абдукадырдын президенттин инаугурациясына катышканы тууралуу Фарид Ниязовдун билдирүүсүн адвокат Замир Жоошев жана КСДП партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков соцтармактагы баракчасына жарыялашкан. Анда 2017-жылы, Фарид Ниязов президенттик аппараттын жетекчиси болуп турган маалда Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына даярдыктар көрүлүп, уюштуруу үчүн комитет түзүлгөнү айтылган. Фарид Ниязов инаугурацияга кимдер чакырылып, ким кайда отураарын Атамбаевдин аппараты эмес, так ошол уюштуруу комитети чечкенин жана анын курамына кирген 16 адамдын үчөө гана Атамбаевдин аппаратынын өкүлдөрү болгонун билдирген. Ал эми Хабибула Абдукадыр тууралуу “Аны чакырууну Сооронбай Жээнбеков сунуштаган жана жакын, эски досу экенин белгилеп ардактуу орунга отургузууну табыштаган”, — деген.

А бирок бүгүн соцтармактарда Фарид Ниязовдун колу менен жазылган баракчанын сүрөтү тарады. Анда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси «Мен журналисттер менен жолуккан эмесмин жана Хабибулла Абдыкадыр тууралуу интервью берген эмесмин, себеби СИЗО-1де отурам. Менде пресс-конференция уюштурууга жана интервью берүүгө андай мүмкүнчүлүк жок», — деп жазган

Коомчулукта Фарид Ниязовдун атын жамынып билдирүүнү башка бирөө таратканбы же мурдагы аппарат жетекчиси өзү баштагы билдирүүсүн жокко чыгарууга аргасыздандыбы деген суроо жаралууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз