“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын спикердин отставкасын талап кылуу маселесинде тыныгуу кармады. Фракциянын депутаттарынын маалыматына караганда азырынча бул маселе күн тартибине чыгарылбайт. Ошону менен Дастан Жумабековдун ишмердүүлүгүнө белгисиз убакытка чейин тийишпей турушкан болушту.
13-декабрда Дастан Жумабековдун отставкасы боюнча процедура башталганы маалым болгон. Аны аталган фракциянын депутаты Исхак Масалиев демилгелеген. Ал төраганын жакшы иштеп кете албаганын, маселелер чечилбеген бойдон калып жатканын жүйө келтирген.
Депутат Алмамбет Шыкмаматов мындай демилгенин ишке ашышы мүмкүн эместигин билдирген. Анткени, анын айтымында 6-чакырылыштын иштөө мөөнөтүнүн аякташына саналуу гана айлар калды, кыска убакытта бир төраганы кетирип экинчисин шайлоонун зарылдыгы жок.
Ушул себеп болдубу же спикерди “жылдырууну” каалаган депутаттар эсине келиштиби, айтор отставка маселеси кийинкиге жылдырылды.