Пятница, 20 сентября

Халифа Хафтар же Ливия согушунун башкы каарманы ким?

0

Ливиядагы жарандык согуштун негизги фигураларынын бири Тобруктагы бийликтин башындагы генерал Халифа Хафтар. Өздөрүн “Ливия улуттук армиясы” деп атап алган куралдуу кошуундардын башчысы. Буга чейин Ливиянын бир бөлүгүн, анын ичинде бир нече ири нефти чыгуучу жайды өз колуна алууга жетишкен. Кезектеги максаты эл аралык коомчулук тарабынан таанылган Улуттук ынтымак өкмөтү жайгашкан өлкөнүн борбор шаары Триполини басып алуу.

Дымактуу генералдын таржымалы

1969-жылы Ливиянын монархиялык бийлигин тактан кулатып, ордуна Муаммар Каддафи бийликке келет. Бул аскердик төңкөрүшкө катышкан Хафтар Ливия армиясындагы Каддафиге жакын жогорку чиндеги офицерлердин бири болгон. 1986-жылы Ливия менен Чаддын ортосундагы стратегиялык маанилүү тилке үчүн талаш күчөйт. Абал чыңалып отуруп эки мамлекеттин ортосундагы согушка алып келет. Каддафи жүргүзгөн согушта Ливия армиясын Хафтар жетектейт. Армиянын басымдуу бөлүгүн жөнөтүп, миллиарддаган долларга аскердик техника алганына карабай Ливиянын мүмкүнчүлүгү чектелүү армиясы Франциянын колдоосуна таянган Чаддан жеңилип калат. Хафтар туткунга түшөт. Ливия 1,5 миллиард доллар чыгымга учурап, 7500 аскерин жоготот. Ливиянын эли дүрбөлөңгө түшүп, Каддафинин аброю үчүн чоң сокку болот. Жыйынтыгында Каддафи жоопкерчиликти Хафтарга оодарып, аны чыккынчы деп жарыялап, согуштан жеңилүүдөгү бардык күнөөнү ага жүктөп койгон. Ошол күндөн баштап Хафтар Каддафини душман катары көрүп келет.

Каддафиге каршы “ЦРУ” менен иштешти

Чадда туткунда калган Хафтар Франция менен тыгыз байланышка өтөт. АКШ учурдан пайдаланып Хафтарды моралдык жана материалдык жактан колдоп баштайт. 1990-жылы Чаддагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Хафтарды АКШга алып чыгып кетишет. Хафтар АКШнын Вирджиния штатындагы аскердик штабда даярдыктан өтөт. Даярдыктан өткөндөн кийин АКШ Чалгындоо агенттигинде (ЦРУ) иштеп баштайт жана агенттик тарабынан колдоого алынган Ливия оппозициясынын катарына кошулат. АКШ жарандыгын беришет. Бул аралыкта АКШнын Жакынкы Чыгыштагы операциялары боюнча кеңешчи катары маалыматтарды берип турган. Бул убакыт ичинде Каддафини кантип тактан кулатып, жок кылуу тууралуу ойлонот. АКШнын саясатына ылайык Каддафи бийликтен кулатылса, ордуна Хафтар келүүгө тийиш болчу.

АКШ Хафтар аркылуу Ливиядагы нефти чыгуучу жайларды көзөмөлдөгүсү келет

20 жыл АКШда жашагандан кийин Ливияда аскердик операцияларды ишке ашыруу үчүн аймакка жөнөтүлөт. Узак убакыт бою АКШда жашаган Хафтар Каддафиге каршы согуша ала турган колдоону жергиликтүү элден таппай, башка Африка өлкөлөрүнөн жалданма козголоңчуларды алып келет. Хафтардын биринчи максаты Каддафи көзөмөлдөгөн нефти чыгуучу жайларды басып алуу болгон. Ошол эле саясатты, тагыраак айтканда нефти жана жаратылыш газы чыгуучу жайларды басып алууну азыр АКШ PKK-YPG топторун колдонуу аркылуу Сирияда да жүргүзүүдө.

Каддафини өлтүрүү буйругун Хафтар берген

Хафтар АКШнын көрсөтмөсү менен Ливиянын чыгышындагы урууларды Каддафиге каршы козутууга киришет. Көп өтпөй жалданма аскерлердин жардамы менен аймакты көзөмөлгө алат. НАТО күчтөрү Каддафинин үстүнөн жеңишке жетишкенде Хафтар баштаган күчтөр Каддафини кармап, аны өлтүрүшөт. Каддафини өлтүрүү буйругун да Хафтар өзү бергендиги айтылат.

Иракта Саддам Хусейнге каршы операцияны АКШ куралдуу күчтөрү жүргүзгөн болчу.

Ошондуктан кийин жоопкерчиликтин баары АКШга жүктөлгөн эле. Ливияда АКШ башка жолду тандады. Америкалык куралдуу күчтөр Каддафини бийликтен кулатуу ишине түздөн түз катышкан жок. Каддафини өлтүрүүнү Хафтардын күчтөрүнө тапшырды. Мына ушинтип Каддафиге каршы демократия үчүн жергиликтүү элдин күрөшү болду деген образды беришти.

Каддафинин өлүмүнөн кийин

Бул убакыт ичинде Хафтар өлкөдөгү анти исламдык кыймылды жетектеп, эң жогорку аскердик кызмат- куралдуу күчтөрдүн башчысы болууга жетишет. Бирок, өкмөттүн лидери Абдулфаттах Юнустун өлтүрүлүүсүнөн кийин өлкөдөн качып кетет. Окуяларды АКШдан байкап отурат. 2012-жылы 150 ливиялык жогорку чиндеги аскер башчылары генерал Хафтардын башчылыгы астында аппарат жетекчилигин курууну сунушташат. Бирок саясатчылар Хафтар өлкөдө жаңы диктатордук бийлик орноткусу келип жатат деп кооптонушуп сунушту кабыл алышкан эмес.

Тобрукта өз өкмөтүн жана парламентин курат

Ливияда “ЦРУ” тыңчысы катары таанылган Хафтар 2014-жылы кайрадан саясий сахнага чыгат. Телеканалдан Жалпы Улуттук конгресстин тараганын жарыялап, Ливиянын саясий келечегине байланыштуу жаңы пландарын ачыктайт. Хафтардын теледен билдирген сунуштары коомчулук тарабынан кабыл алынбаганда, ал куралдуу согушка киришет. Тобрукта өз өкмөтүн жана парламентин куруп, Триполидеги Бириккен Улуттар Уюму тарабынан таанылган Улуттук ынтымак өкмөтүнө каршы согушуп баштайт. Эл аралык коомчулук тарабынан таанылган Сарадждын өкмөтү 2016-жылдын башынан бери өлкөнү башкарууда. Бирок, өлкөнүн бардык аймагы алардын көзөмөлүндө эмес. Өздөрүн өлкөнүн чыныгы мыйзамдуу бийлигибиз деп эсептеген Хафтар баштаган Тобруктагы парламент Сарадж өкмөтүн тааныгысы келбейт.

Хафтар менен Москваны эмне байланыштырып турат?

Айрым эксперттердин баамында Ливияда Хафтардын бийликти колго алуу аракетин Москва кыйыр түрдө колдон келет. Халифа Хафтар 1977-1978-жылдары Ливиянын башка аскер элита өкүлдөрүндөй эле СССРде окуган, орус тилин билет. Акыркы жылдары бир нече ирет Москвада болуп, Россия Федерациясынын Коргоо министри Сергей Шойгу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Хафтар 2018-жылдын ноябрь айындагы Москвага жасаган иш сапарында Россия коргоо министри менен жолугуп, жолугушууга Вагнер жалданма аскерлерин каржылаган деп айыпталып жаткан Евгений Пригожин да катышкан. Буга чейин Россиянын расмий аскер күчтөрү Ливиядагы согушка катышып жаткандыгы тууралуу батыш маалымат каражаттары байма-бай жазып келген. Бирок Москва расмий түрдө муну четке каккан болчу.

Генерал Хафтар башкы каармандарынын бири болгон Ливиядагы согуш темасы тилекке каршы учурдагы дүйнөлүк саясаттын актуалдуу маселесине айланды. Күн сайын жаңы фактылар, жаңы окуялар ачыкка чыгууда. Кийинки баянды күтүңүздөр…

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз