Пятница, 20 сентября

“Сапаттын” эки кызматкери Түркияга өткөрүлүп берилеби?

0

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Башкы прокуратуранын “Сапат” лицейинин эки кызматкерин Түркияга өткөрүп берүү тууралуу чечимине карата адвокаттардын даттануу арызы каралды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматына таянып “Азаттык” жарыялады.

Эске салсак Башкы прокуратура Сенан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди кылмыш жообуна тартыш үчүн Түркияга өткөрүп берүү тууралуу токтом чыгарган. Аталган жарандар учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

“Сапат” билим берүү мекемелери алгач “Себат” деп аталган. 1992-жылы Кыргызстанда ишмердүүлүгүн баштаган билим берүү жайларын Фетхуллах Гүлен түзгөн. Бирок кийин Гүлен баштаган кыймыл Түркияда террордук кыймыл катары таанылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз