Пятница, 20 сентября

Текебаев жана Шыкмаматовдон “Операция Ы”

0

Текебаев жакында Шыкмаматовдун мандатын тапшыруусунун себеби катары шайлоого чейинки партиянын тизмесиндегилердин келишимин айткан болчу. Ал Шыкмаматов келишимге ылайык ордун Нурбек Сыдыгалиевге эки жыл мурда бошотуп бермек болгонун бирок анда депутатка каршы саясий куугунтук болуп жаткандыктан “мындай учурда мандатын алып коюу жардан ары түрткөндүк, өлтүргөндүк жана көмүп салгандык болмок” – деген.

Бирок бүгүн «Медиа Центр» YouTube-каналы Нурбек Сыдыгалиев менен болгон маекти жарыялаган. Анда болочок депутат Текебаевдин калпын чыгарган.

Айтымында мандат өткөрүп берүү боюнча эч кандай келишим болгон эмес. 2015-жылы Алмамбет Шыкмаматов менен бирге шайлоого ага-ини катары катышкан. Бирок мандат тууралуу кандайдыр бир макулдашуу орун албаган. Шыкмаматов тизмеде он биринчи, ал эми Сыдыгалиев 22- болуп жазылган.

“Шыкмаматов менен Текебаевдин ортосунда пикир келишпөөчүлүк эмнеден жаралганын билем, бирок айтпайм”, — деген болочок депутат.

Саясат талдоочу Марс Сариев “Kyrgyz.news” сайтына кызыктуу божомолун бөлүштү. Ал Текебаев менен Шыкмаматовдун пикир келишпөөчүлүгү жасалма болушу мүмкүн деген пикирде.

“Текебаев шайлоо чегин 3 пайызга түшүрүүнү активдүү колдоп жатат. Шыкмаматов жана башка партиясындагы көздөй болгон кишилери менен эки ажырымга түшүүсүнүн маңызы так ушунда болуусу мүмкүн. Алардын таарынышуусу – постановка. Шайлоо чегин 3 пайызга түшүрүп, жаңы, майда партияларга санаалаштар, эл көзүнө “араздашкандар” лидер болуп, баары кайрадан парламентте жолугушууну пландап жатышканы толук ыктымал”, — дейт Сариев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз