Министрлер кабинети жолдорду пайдалангандыгы үчүн бардык унаа ээлерине салык киргизүүнү сунуштап жатат. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарылды.
Маалымкат негиздемесинде айтылгандай, мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн максаты өлкөнүн жолдорунун абалын жакшыртуу үчүн жыйымдын жаңы түрүн киргизүү жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп саналат. Документте жылдан жылга өлкөдө автоунаалардын саны көбөйүп, мындан улам жолдор талкаланып жатканы белгиленген.
“Жолдорду коопсуз стандарттуу абалда кармоо үчүн жыл сайын 10 миллиард сом керектелет. Бүгүнкү күндө Жол фондунун бюджетине түшкөн каражат жетишсиз болгондуктан, жолдорду оңдоо жана тейлөө үчүн акы киргизүү сунушталууда”, — деп жазылган документте.
Төлөмдүн суммасы чекене соодада күйүүчү майдын наркына кошулат.
Унаа ээлеринен акча чогултуу жолу менен буга чейин курулган жолдорду нормада кармоо жана жаңы жолдорду курууга шарт түзүүнү камсыздаган тартипти киргизүү зарыл экендиги белгиленди.
Тактап айтканда, мыйзам долбоорунда жолдорду оңдоп-түзөөгө жана аларды жакшы абалда кармоого каражат топтоо, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн, анын ичинде мурда колдонулган дөңгөлөктөрдү утилизациялоого каражат топтоо, транспорт каражаттарынын жарактан чыккан тетиктерин, иштетилген майларды утилизациялоо каралган.
«Жолдорду оңдоо жана аны жакшы абалда кармоо үчүн каражат айдоочулар унаасына куйган күйүүчү майдын ар бир литрине аныкталган бир сумманы алуу менен топтолот. Мында «ким унаа менен көп жүрсө, ал ошончо көп төлөйт» деген принципти колдонгон өлкөлөрдүн практикасы пайдаланылат жана баары сапаттуу жолдо жүрүшөт», — деп жазылган маалымкат негиздемеде.
Ошондой эле жол оңдоого каражат топтоо/күйүүчү майга салык Казакстанда, Беларуста, Азербайжанда, Грузияда жана башка өлкөлөрдө колдонулат. Акча топтоо тартиби, анын суммасы министрлер кабинетинин токтому менен бекитилет.
Мындан тышкары дөңгөлөктөрдү, мазуттарды кайра иштетүү үчүн утилизация иштерине акы киргизүү сунушталууда. Аларга товардын бул түрүн импорттоочулар төлөшөт.
Төлөмдүн өлчөмү жана тартиби Министрлер кабинети тарабынан аныкталат. Каражат республикалык бюджетке түшөт.