Грецияда дыйкандар айыл чарба тармагында күчөп бараткан көйгөйлөргө көңүлдөрдү буруу максатында кээ бир жолдорду жапты.
Грек медиасында орун алган кабарларда, дыйкандардын тракторлору менен Салоники-Эдесса жолун 2 саатка жакын тоскону белгиленди.
Өлкө боюнча дыйкандардын өкүлдөрү кечээки жыйында нааразылык акцияларын улантууну чечишти.
Дыйкандар келерки аптада баш калаа Афинадагы парламент имараты жайгашкан Синтагма аянтында тракторлор менен демонстрация өткөрүүнү пландап жатышат.
Төрт жумадан бери митингге чыккан дыйкандар зыян тарткан эгиндери үчүн компенсация төлөп берүүнү, электр энергиясына болгон тарифтерди арзандатууну, малчыларга тоют жана материалдарды сатып алууга колдоо көрсөтүүнү талап кылышууда.
Мудараак Германия менен Францияда да дыйкандар митингге чыгып, жолдорду жаап салышкан болчу.
