Среда, 29 апреля

Азербайжанда президенттик шайлоону Илхам Алиев утту

0

Азербайжанда кечээ, 7-февралда, кезексиз президенттик шайлоо болду. Анда эң көп добушту — 92,4 пайызды Алиевдин алганы айтылды. ЖМКлар экинчи орунга Азербайжандын Улуттук Кеңешинин депутаты Захид Оруж чыгып, добуштардын 2,2 пайызына ээ болгонун жазды.

Муну менен катар чет өлкөлөрдүн жетекчилери Илхам Алиевди Азербайжандагы кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жеткени менен куттукташты.

Азербайжан лидеринин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Алиевди Иран президенти Эбрахим Раиси, Пакистан башчысы Ариф Алви, Беларусь жетекчиси Александр Лукашенко, Венгрия премьер-министри Виктор Орбан, Сербия лидери Александр Вучич, Өзбекстан менен Ирак президенттери Шавкат Мирзиёев, Абдель Латиф Жамал Рашид куттукаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз