Четверг, 2 мая

АКШ эмнеге сириялык Идлибди бомбалоодо?

0

Жакынкы Чыгышта акыркы күндөрү АКШнын Сириянын түндүк-батышындагы “Аль-Каида” базасына күтүлбөстүк менен жасаган соккусу көңүл чордонунда болууда. Идлиб аймагына жасалган аба соккусу Түркиянын Сириядагы терроризмге каршы операциясын баштоого активдүү даярдыктар жүрүп жаткан учурга туш келди.

Анкаранын Сириянын Ефрат дарыясынан чыгышты көздөй кеткен аймактарындагы кырдаалга байланыштуу чечкиндүү аракети жана басымы Вашингтонду Сириядагы биргелешкен операциялар боюнча Штаб түзүүгө аргасыз кылды.

Бул этаптагы түрк-америка сүйлөшүүлөрү Сириянын чыгышындагы аймактардын коопсуздугун күчөтүүгө багытталган. Анкара өзүнүн түштүк чек арасына 30 км -450 аянттагы коопсуздук аймагын түзүүнү сунуштоодо.

Түркия Сириянын чыгыш тарабына аскер операциясы даярдалып бүткөнүн жарыялады, анда өлкөнүн түндүк-батышынын келечеги дагы да болсо күмөн бойдон калды.

Анкаранын активдүү аракеттеринин шарапаты менен Башар Асаддын режими жана Россиянын Аба-космостук күчү идлибдик деэскалация аймагында элдешүү режими орнотулганын жарыялашты. Так ушул учурда АКШ кайсы бир “Аль-Каида” террористтерин шылтоолоп Идлибге сокку урду.

АКШ Сириядагы “Аль-Каида” базасын жөн жерден эле “таап” чыкпаганы шексиз. Сириянын түндүгүндөгү Мюнбич району боюнча келишим сыяктуу эле америкалык тарап бул өлкөнүн чыгышындагы кырдаалдан Анкаранын көңүлүн буруп, убакыттан уткусу бар.

Түркия Сириянын чыгышындагы терроризмге каршы операцияны баштоону августка белгилеген, бирок кийинчерээк сентябрга жылдырды. Буга Идлибдеги окуя жана АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн созулушу себеп болду.

Процесс Түркия менен Россиянын президенттеринин Москвада жолугушуусунан кийин тездетилди, жыйынтыгында Идлибдеги элдешүү тууралуу жар салынды.

Андан кийин Түркиянын президентинин сириялык райондордо, Евфрат дарыясынын чыгышты көздөгөн аймагында операцияны создуктуруу мүмкүн эместигин белгилеген билдирүүсү жарыяланды. Анкара PYD/PKK террористтерине каршы операцияны ушул айда баштай турганын баары айтышууда.

Араб ММКларында Түркия менен Россия Сириянын түндүк-батышында, М4 жана М5 трассаларынын кесилишкен аймагында биргелешкен коопсуздук орнотоору тууралуу жазылды. Ошол эле убакта Жиср аш-Шүгүр жана Серакиб калктуу конуштардан түндүктү көздөй райондор оппозициянын көзөмөлүндө калат.

Эгер бул маалымат негиздүү жана Сириянын түндүк-батышы боюнча ачык айтылбаган келишим бар болсо демек Түркия Идлиб маселесин чечти жана эми Сириянын чыгышындагы көйгөйдү колго алуусу мүмкүн.

Сириянын чыгышындагы ийгиликтүү операция Түркияга Сирия менен чек араларынын дээрлик бардыгын коопсуздандырып алууга мүмкүнчүлүк берет. PKK террористтеринин жолу буулат, бул Түркиянын улуттук коопсуздугун бекемдейт.

Так ушул аймактар үчүн оор болуп жаткан учурда АКШ Идлибге сокку урду. Мындай кадамды түрк тараптын көңүлүн бурууга арналган провокация деп атоого болот.

Аймактагы гуманитардык кырдаалдын жакшырышына салым кошуунун ордуна АКШ Израиль менен биргеликте Түркияга каршы фронтту калыптандырып жатат. Ошондуктан батыш ММКлары акыркы учурда Сирия боюнча Түркияга каршы активдүү кампанияны жүргүзүүдө. Анда түрк мамлекетин “оккупант-өлкө” деп аташты.

Ливандын президенти Мишель Аундун Осман мамлекети тарабынан мамлекеттик террор жасалганы жана Жакынкы Чыгышты өз ара бөлүп алган батыш өлкөлөрү анын аракетине көңүл кош караганы тууралуу резонанстуу билдирүүсү да кокустук эмес.

Женгиз Томар, профессор, Ахмет Ясеви атындагы Эл аралык түрк-казак университетинин ресторунун милдетин аткаруучу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз