Четверг, 28 ноября

Жасалма ишкерлерге 112 миллион сом салык кошумча эсептелинди

0

Мамлекеттик салык кызматы жалган ишкердик кылуу белгилери бар же жалган ишкер катары таанылган, ошондой эле ишкердик жүргүзүүдө жалган ишкердик же салык төлөбөө тобокелчиликтерин карманган субьекттер менен экономикалык өз ара мамилелери бар чарбалык субъекттерди туруктуу негизде текшерип турат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Салык кызматы жыл башынан бери салык милдеттенмелери боюнча дал келбестиктери аныкталган, жалган ишкердик кылуу белгилери бар бир катар субъекттерди текшерген. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 112,3 млн сом суммасында салык кошумча эсептелген, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 52,7 млн сомго көп же өсүү ыргагы 188,6%ды түзөт.

Кошумча эсептелген суммадан бюджетке 17,7 млн сом түшкөн, анын ичинен 4,6 млн сом акча накталай болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу накталай акча каражаттары 3,4 млн сомго же 4 эсеге көп түштү.

Белгилей кетсек Салык кызматы салыктык текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүргүзүп келет. Анын ичинде сот органдарынын чечими менен жалган ишкердик деп таанылган айрым субъекттердин мурда негизсиз чегерүүгө алынган КНСин жокко чыгарат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз