Четверг, 28 ноября

ИИМ: Айэркен Саймаити эл аралык издөөдө жүргөн

0

Айэркен Саймаити экономикалык кылмышка шектелип интерпол тарабынан эл аралык издөө жарыяланган. Бул туурасында Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңеште өлкөдөгү кылмыштуулуктун күч алышы боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Айтымында » Түркияда киши колдуу болгон Кытай жараны Айэркен Саймаитиге 2017-жылы «алдамчылык» фактысы боюнча эл аралык издөө жарыяланган. Саймаити өнөктөшүнөн 3 миллион 28 миң 168 долларлык товар жана акча каражатын алып, алдап кеткен».

Ошондой эле ИИМ министри “Мадина» базарындагы жеке ишкер Хуфур Абдурахеман аттуу жарандын өлүмү боюнча кылмышка шектүү катары 7 адам кармалганын, анын төртөө кылмыш жасап, үчөө кылмышка жардам бергени аныкталганын айтты. Ал эми аэропорттогу окуя боюнча кылмышка шектүү катары 2 адам кармалганын кошумчалады.

“Ал эки адам мурда соттолгон жана кылмыш жасаган учурда жазасын жатак абакта өткөрүп жаткан, дагы эки адамды издөө иштери жүрүп жатат”,-деди Жунушалиев.
Эскерте кетсек бүгүн бир катар депутаттар өлкөдөгү кылмыштуулук күчөп баратканын айтышып өкмөттүн маалымат берүүсүн талап кылышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз