Үстүбүздөгү жылдын 14-15-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында IV-республикалык “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы өтөт. Бул туурасында “kyrgyz.news” сайтына уюштуруучулар билдиришти.
Аталган кинофестиваль КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Кинематографисттер союзу, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Кристенсен Фонду жана Айтыш коомдук Фондунун колдоосу менен ишке ашууда.
“Бул жылы өлкөбүздүн бардык аймактарындагы 10-17 жаш аралыгындагы жаш режиссёрлордон жалпы 56 кыска метраждуу тасмалар келип түштү. Тандоо турунун жыйынтыгында 25 тасма тандалып, 15-ноябрь күнү алардын ичинен эң мыкты делген тасмалар сыйлыктарын алышат.Дал ошол 15-ноябрда жаш кино өнөрпөздор борбордогу “Манас” кинотеатрынын алдында кызыл килемден атактуу киночулар менен бирге өтүп, салтанаттуу Сыйлык тапшыруу аземине катышышат.Сыйлык тапшыруу аземинде IV-республикалык “КАРЕК” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалынын жалпы катышуучуларына дипломдор тапшырылат”,-деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле, бардык номинациялар боюнча жеңишке жеткен балдарга ноутбуктар, уюлдук телефондор жана фотоаппараттар ыйгарылып, эң мыкты болуп табылган үч катышууга фестивалдын атайын “Карек” статуэткалары да берилээри айтылат.
Мындан сырткары, бул жылдын өзгөчөлүгү катары БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан «Балдар укуктары жөнүндө конвенцияга» арналган атайын “ТУМАР” сыйлыгы да өз ээсин жаш киночулардын арасынан табат.
Тасмалар төмөнкү номинациялар үчүн ат салышат: “Мыкты көркөм тасма”, “Мыкты даректүү тасма”, “Мыкты анимациялык тасма”, “Мыкты режиссер”, “Мыкты оператор”, “Мыкты сценарист”, “Мыкты монтажер”, “Мыкты актриса”, “Мыкты актер”, “Калыстардын атайын сыйлыгы”, «БУУнун Балдар фондунун атайын ТУМАР сыйлыгы.»
Иш чара 15-ноябрь күнү саат 13:30да “Манас” кинотеатрында өтөт кирүү акысыз.