Бишкектин аймагында орун алган абактарды шаардан сыртка көчүрүүгө бюджеттен дээрлик 240 миллион сом талап кылынат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте депутаттарга маалымат берип жатып билдирди.
“Бишкек шаарында жайгашкан Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемесиндеги бардык убактылуу кармоочу жайлар менен түрмөлөрдү сыртка чыгарыш керек. Ал үчүн казынадан 240 миллион сом каралып жатат. Бул демилгени депутаттар, сиздер дагы колдоп бересиздер деп ишенем”,-дейт өкмөт башчы.
Айта кетсек учурда Жогорку Кеңеште 2019-жылдын бюджетин өзгөртүү, 2020-2021-жылдарга болжолу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Ага өкмөт башчы баш болгон аткаруу бийлигинин өкүлдөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө.