Среда, 27 ноября

Өкмөт: Билим берүүгө 37,8 миллиард сом каралат

0

Келерки жылы билим берүү тармагына жалпысынан 37,8 миллиард сом каралат. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди.
Айтымында 2020-2021-жылдары казынадан билим берүү тармагына каралган акчанын 7 миллиард сому айлык маянаны көтөрүүгө жумшалат.

“Социалдык коргоого 34 млрд сом, саламаттык сактоо тармагына 15,5 млрд сом каралууда. Маданият, спорт тармагына 3,1 миллиард сом бөлөбүз. Ошондой эле быйыл биринчи жолу кыргыз тасмаларын тартууга 30 миллион сом акча каралып жатат. Мындан тышкары театрларды оңдоо пландалып жатат. 2020-жылы Түркияда Көчмөндөр оюндары жана Токиодо Олимпиада оюндары өтөт. Буга дагы акча бөлүнүшү керек”,-деди өкмөт башчы.

Мындан тышкары Абылгазиев эл каттоого 191 млн сом, укук коргоо тармагын реформалоого 2,3 млрд сом, сот реформасына 724 млн сом, шайлоого 828 млн сом жумшалаарын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз