2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
“Кезектеги парламенттик шайлоо өз убактысында – 2020-жылдын октябрь айында болот. Акыркы учурда шайлоо мөөнөтү боюнча ар кандай кептер айтылып келет. Бирок шайлоо өз мөөнөтүндө -2020-жылдын октябрь айында болот”,-деди БШК төрайымы.
Айта кетсек, келерки парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. Ал үчүн бюджеттен 828 млн сом каралууда.