Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Анда мурдагы элчи Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулун “желмогуздар” байырлап алганын кыйыткан.
“Сооронбай Жээнбековго ушул маалыматты жеткирүүнү АНЫН ЖАНЫНДАГЫ ЖҮРӨГҮ ТАЗА адамдардан суранам:
1. Стамбулдагы Башкы консулду Сооронбай Жээнбеков өзү коргоого албаса, анда чыныгы «Желмогуздар» кутулуп кетет.
2. ТИМ тараткан маалыматка таянсам, күнөөнүн баарын төмөнкү баскычтагы чиновниктерге жүктөп, «Чоң Желмогуздар» кутулуп кете тургандай сезилип жатат.
3. «Чоң Желмогуздардын» кийлигишүүсүсүз, калкалоосусуз мындай иштер болушу мүмкүн эмес.
4. Бир нече жыл өтпөй Сооронбай Жээнбеков «айланамдагыларга ишенип жаңылыпмын» деп аттиң кылышы толук мүмкүн.
5. Бул кайрылуум көз жаздымда калбайт деп ишенем, албетте мен божомолдогон «Чоң Желмогуздардын» башында Сооронбай Жээнбеков өзү турбаса…” – деп жазды Султанов.
Эске салсак жакында Стамбулдагы отелдердин биринде кытайлык ишкер Айэркен Саймаити киши колдуу болгон. Анын өлүмүнөн кийин Кыргызстанда издөөдө жүргөн ишкер башкы консул Эркин Сопоковго таандык дипломатиялык номер кадалган автоунааны айдап жүргөнү белгилүү болгон. Кылычбек Султановдун кайрылуусу да ушул окуянын негизинде болгонун баамдоого болот. Сопоков андан кийин кызматтан алынган.
Кылычбек Султанов КР ТИМдеги коррупциялык схеманы ачам деген аракетинен кийин элчилик кызматтан алынган.