Бүгүн Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча улуттук командаларынын беттеши жапон футболчуларынын пайдасына чечилди. Кыргыз футболчулары атаандашынан 0:2 эсебинде утулуп калды.
Беттеш Дүйнө чемпионаты – 2020 жана Азия Кубогу – 2023 тандоо турунун алкагында болду.
Кыргызстандыктарга жеңилүү ызасын таттырган оюн тууралуу спорттук журналист Азамат Баатай пикирин мындайча билдирди?
“Башында чындыгында эле күүлөнгөн бойдон жогорку темптти тандап алганыбыз бир аз жаңылыштык болуп калды. Экинчи таймда кадимкидей отуруп калдык. Япония тажрыйбага салып эки гол артыкчылыгын сактап кала алды. Көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүбүздүн бирөөсүн да колдоно албай калгандыгыбыз өкүндүрөт. Крестинин Гүлжигитти аягына чейин оюн талаасында кармап бир аз ката кетиргенсиди. Анткени кандай болгон күндө дагы кийинки оюнду эстен чыгарбаш керек. Австралия менен болгон оюнга салыштырганда жакшы өсүш бар. Коргонууда жакшы жылыштар бар. Сүйүндүрбөй койбойт. Биз шумкарларыбызды кандай гана болбосун ар дайым колдойбуз”
Соцтармакта Кыргызстандын улуттук командасынын жеңилгенин катуу кабыл албай, ансайын футболчуларды колдоп-коштоп, алдыга сүрөгөн пикирлер көп болууда.
Кийинки 19-ноябрда боло турчу оюнда Кыргызстан Тажикстандан келген команда менен беттешет.