Вторник, 26 ноября

Абылгазиев Кыргызстан-Япония оюнун ордунда отура албай көрдү — Фото

0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2022-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка тандоонун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Япониянын командасы менен беттешкен Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасын колдоо үчүн стадионго барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо эки команданын футболчуларынын оюнун көрдү.

Белгилей кетсек, 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы F тайпасында Тажикстан, Япония, Мьянма жана Монголия командалары менен ойноп жатат. Футбол боюнча чемпионаттын финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар мамлекетинде өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз