Түркиянын Кыргызстандагы Элчиси Женгиз Камил Фыраттын жубайы Василики Фырат кыргыз жергесинде кайрымдуулук иштерин жүзөгө ашырып жаткан чагы. Элчиликте айымдар атайын кайрымдуулук топ түзүп, балдар үйлөрүнө барышып ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген наристелердин, жеткинчектердин жашоо шартын жакшыртууга бар салымын кошуп келишүүдө. Василики Фыраттын айтымында айымдардын тобунун өзгөчөлүгү алардын өздөрүнүн топтогон каражаты бар жана учурда 190 айым мүчөлүккө кирген.
“Биз дайыма барып жүргөн майып балдардын интернаты бар. Алардын жуунганда кыйналып жатканын көрүп Түркиядан майыптардын ыңгайлуу жуунусу үчүн арналып чыгарылган керебеттерди алып келип бердик. Ошондо бир кичинекей кыз: “Эми мен ханзаадалардай болуп жууна алам”, — деп абдан кубанды. Жаш балдардын кубанганын, ыраазы болгонун көрүү өзгөчө бакыт”, — дейт Фырат айым.
Ошондой эле топ ишке ашырып жаткан ири долбоорлордун бири кыргызстандык аялдардын эмчек рагына каршы күрөшүү иштери экенин белгиледи. Айтымында кыргыз жергесинде бул оору барган сайын кулач жайып баратат.
“Германия менен салыштырганда Кыргызстанда жүз айымдын 47си эмчек рагына кабылууда. Бул абдан чоң социалдык көйгөй. Мындай дарттан кутулууга Кыргызстанда мүмкүнчүлүк аз, керектүү жабдыктар, дары-дармек жетишсиз. Биз буларды эске алып өткөн жылы чоң иш чара өткөрүп акча топтодук, ТИКА уюмуна барып жардам сурадык. Ал каражатка Германиядан мобилдик унаа сатып алууну көздөп жатабыз. Унаанын ичинде эмчек рагын текшерүүгө бардык жабдыктар бар, өлкөнүн ар бир аймагына барып аялдарды кароодон өткөрсө болот. Мында дартты башталгыч стадиясында аныктап, эрте күндө дарылоону колго алуу мүмкүн. Эрте аныкталган дарттын жеңилиши да оңой болот”, — деди элчинин жубайы.
Мындан сырткары Василики Фырат кайрымдуулук иш менен катар маданий иш чаралар да өткөрүлөөрүн белгилеп, ага мисал катары өткөн жылы Түркиядан ыктыярчы фотограф келип Даун синдрому менен жабыркаган балдарга сүрөткө тартууну үйрөткөнүн, бул оор дарт менен жабыркаган балдардын социалдашуусуна көмөк берээрин айтты. Андагы сүрөттөрдөн куралган көргөзмө болгонун, эки сүрөт Европадагы сынакка жиберилгенин жана учурда алар сынак жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп жатышканын кошумчалады.