Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагында жаңы балдар бакчасы, окуу борбору жана мечит салынды. Бул тууралуу «Kyrgyz.news» сайтына депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.
«Таш-Мойнок айылына ,,Human Appeal International» кайрымдуулук фонду 70 баланы батыра турган бала бакча, окуу борборун жана мечит салып беришти. Бүгүн бул имараттардын ачылышы болуп, элдин пайдалануусуна өткөрүлүп берилди. Бул абдан жакшы иш анткени эми ошол айылдагы биздин балдарыбыз бала жаңы, таза, заманбап жабдуулар менен жабдылган бала бакчага бара башташат. Аталган кайрымдуулук уюму биздин мамлекетте дээрлик 15 жылдан бери өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Акыркы сегиз жылдан бери өлкө аймагына 986 миллион өлчөмүндөгү акчаны дал ушул социалдык багытта жумшашкан»,-дейт Зулпукаров.
Ошондой эле депутат «Human Appeal International» кайрымдуулук фонду Бириккен Араб Эмиратынын уюму экенин анын дүйнөнүн 15 өлкөсүндө филиалы бар экенин кошумчалады.