Кытайлык ишкер Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелген төртүнчү адам кармалды. Бул туурасында бир катар түрк басылмалары жергиликтүү полициянын маалыматына таянып жазып чыгышты.
А. Нормахамат Саймаитини аткан курал менен кармалган. Маалыматка ылайык ал буга чейин полициядан жашырынып жүргөн. Учурда адам өлтүрүүгө шектүү сурак берүүдө, азырынча анын жарандыгы айтыла элек.
Эскерте кетсек кытай улутунундагы Айэркен Саймаитини Стамбул шаарында 10-ноябрда атып кетишкен. Буга шектелип ошол эле күнү үч жаран кармалып, алардын экөөсү Кыргыз жарандары экени айтылган. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов аталган жарандарга паспорт берилбегенин билдирген. ИИМ министринин билдиришинче Саймаити эл аралык издөөдө жүргөн.