Четверг, 19 сентября

Өлкөдө 134 мектептин курулушу жүрүп жатат

0

Республика боюнча 134 мектептин, 26 бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Анткен менен алардын басымдуусу узак мөөнөттөн бери бүтпөй турганы айтылып келет. Мындан улам Парламенттеги тиешелүү комитет өкмөткө, курулуш агенттигине курулушу башталып бирок аягына чыкпай турган имараттарды салып бүтмөйүнчө жаңы мектептерди салууну токтотуу тапшырмасын берген.

Ушул күндө республикадагы 2 миң 265 жалпы билим берүү мекемесинде 1 миллион 268 миң 68 бала окуп жатат. Бишкек шаарындагы мектептердеги окуучулардын саны нормасынан эки эсеге көп. Мисалы калаадагы 99 мектеп 77 миң 163 балага ылайыкталган болсо анда 173 миң 193 окуучу билим алат.

Айта кетсек 2019-жылы өлкөдө 15 мектеп курулган. Жалпысынан 198 билим берүү жайлары авариялык абалда турса анын 60ында ремонт иштери жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз