Пятница, 20 сентября

Депутаттарга тандоо: же пенсия же мандат

0

Жогорку Кеңештеги пенсия курагындагы депутаттардын пенсиясын кыркып, 2 миң сомго чейин пенсия алгандарга берсек туура болмок дейт эл өкүлү Сайдулла Нышанов.

Пикиринде өмүр боюу иштегенине карабастан 1400 сом пенсияга чыкканына нааразы болгондор депутатка кайрылуу жолдошкон.

“Эки миң сомго жетпеген пенсия алгандар бар, ошол эле учурда биздин кээ бир кесиптештер 40 сом пенсиясын, 40 миң сом айлыгын дагы алып жатышат. Бул жагынан алып караганда туура эмес болуп калып жатат. Пенсия курагындагы депутаттардын пенсиясын алардын депутаттык мөөнөтү бүткөнчө кыскартып, ал акчаны аз пенсия алгандарга берип турбайлыбы? Анткени алар Жогорку Кеңешке келээр алдында элге биз күчкө толуп турабыз, сиздер үчүн кызмат кылганга даярбыз, азыр мурункудан дагы акылдуубуз деп убада беришет да. СССР убагында ушундай болгон да пенсия же айлык экөөнүн бирөөсүн эле алышкан”,- деди Нышанов.

Өз кезегинде Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев буга мыйзам жол бербей турганын ошондой эле бул боюнча Конститутциялык соттун чечими бар экенин билдирди.

Айта кетсек, ушул тапта парламентте 10 дон ашык пенсия курагындагы депутат бар. Соңку маалыматтарга ылайык алардын арасынан эң көп пенсия алган эл өкүлү Мыктыбек Абдылдаев анын бир айда алган пенсиясынын көлөму 59, 500 сомду түзөт, бул өз кезегинде Кыргызстандагы орточо пенсия алгандардан дээрлик 11 эсеге көп. Экинчиде 28 миң пенсиясы менен депутат Исхак Масалиев, үчүнчүдө 23 миң пенсиясы менен КСДПчы депутат Анвар Артыков турат. Ушул эле фракциядагы Карамат Орозова 10,500 сом, Айнуру Алтыбаева болсо 6 миң сом пенсия алаары аныкталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз