Пятница, 20 сентября

Эртең Кыргызстан курама командасы Тажикстан менен экинчи беттешин өткөрөт

0

Эртең, 19-ноябрда Бишкекте Кыргызстан – Тажикстан курама командалары беттешет. Курама команданын атаандаштары кечээ учуп келишкен. Командалар 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагында беттешет. Оюн саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада өтөт.

Эки команданын Дүйшөмбү шаарындагы беттешинде Тажикстан курамасы 1:0 эсебинде утуп алган.

Курама команданын жана тажик тараптын башкы машыктыруучулары бүгүн маалымат жыйын беришти.

Анда Крестинин буга чейинки 5-сентябрда Тажикстанда оюнда «биз өтө начар оюн көрсөткөнбүз» деп билдирди.

“Мен машыктыруучу болуп тургандан бери мындай начар ойной элек болчубуз. Аябай начар оюн. Эң башкысы биз ал оюнду талдап көрдүк. Биз башка андай начар оюн ойнобойбуз. Тажикстан менен болгон оюн тандоо оюндарындагы алгачкы беттеш болчу. Андан бери канча оюн өткөрдүк? Беттештен беттешке жакшы ойноп жатабыз”,-деди Крестинин.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган. Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз