Пятница, 20 сентября

Бишкек катадан куралган шаарга айланды

0

Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборуна илинген жарнамадагы ката социалдык колдонуучуларынын талкуусуна түштү. Баннерде футбол боюнча курама команданы колдоого үндөгөн сөздөр жазылган. Текст орусча жазылып Футбол федерациясынын эмблемасы түшүрүлгөн. Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«Подержи команду вместе с нами!» Мында биринчи сүйлөмдө «д» деген тамга калып кеткен. Мунун негизинде сүйлөмдүн бүтүндөй мааниси өзгөрүп кеткен.

Маселен «подержи команду» деген сүйлөм-команданы карма дегенди түшүндүрөт ал эми «поддержи команду» болсо- команданы колдо дегенди туюнтмак.

Эскерте кетсек, эртең башкы стадиондо Кыргызстан курама командасы Тажикстан менен беттешет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз