Суббота, 21 сентября

Россия Украинанын аскер кемелерин кайтарды

0

Украинанын «Бердянск» жана «Никополь» аскердик катерлери жана «Яны Капу» чиркегичи 17-ноябрда Орусиянын деңиз кароолунун коштоосунда Керч кысыгынан, «Генмола» акваториясынан чыгып кетти. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Буга дейре Россиянын жана Украинадагы бир катар басылмалар бул кемелер жакынкы күндөрү Украинага өткөрүлүп берилерин жазышкан. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жардамчысы Андрей Ермак катерлерди кайтаруу процесси аягына чыгып калганын маалымдаган.

Белгилей кетсек өткөн жылы Россия Керч кысыгы аркылуу Азов деңизине сүзүп бараткан Украинанын аскердик катерлерин кармаган. Анын ичинде 24 аскер кызматкери болгон.
Киев Москванын бул аракетин «зомбулук актысы» деп атаган. Россия болсо кемелер чек араны бузуп, мыйзамсыз киргенин айткан. Бул талашта Украинаны АКШ, НАТО, БУУ жана Европа Биримдиги колдогон.

Россия украин деңиз аскерлерин ушул жылдын сентябрь айында, Украина менен туткундарды алмашкан учурунда бошоткон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз