Суббота, 21 сентября

Тышкы карызды төлөө үчүн кыргызстандыктар үч ай бекер иштеши керек

0

Кыргызстандын сырткы карызы бир айда 10, 28 миллион долларга өстү. Сентябрь айынын эсеби сырткы карыздын 10,28 миллион, ал эми ички карыздын 23,99 миллион долларга өскөнүн көрсөткөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.

Маалыматка караганда 2019-жылдын 30-сентябрында мамлекеттик карыз – тышкы жана ички – 4 миллиард 503,5 долларга (313 миллиард 911,48 миллион сом) жеткен. Бул сумманын 3 миллиард 772,19 миллион доллары тышкы карызга, 731, 31 миллион доллары ички карызга туура келет.

Мамлекеттик карыз бир айда 34,28 миллион долларга, анын ичинен тышкы карыз 10,28 миллион, ал эми ички 23,99 миллион долларга көбөйгөн.

Тышкы карыздын көп бөлүгү, 45, 4 пайызы дагы деле Кытайдын Экспорт-импорт банкына таандык. Бул банкка Кыргызстан 1 миллиард 710, 96 миллион доллар карыз. Сентябрдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ИДПнын 51, 9 пайызын түздү.

Кыргызстандын калкынын саны бүгүнкү күндө 6,5 миллион адам деп эсептелинет. Алардын ар бирине тышкы карызды чачканда киши башына 692,8 доллардан туура келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз