Суббота, 21 сентября

Коопсуздук коркунучта. УКМКнын жетекчилигинин отставкасы талап кылынды

0

Жарандык активисттер УКМКнын жетекчилигинин отставкасын талап кылган петиция башташты. Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында коопсуздук кызматы акыркы учурда бир топ шалаакылык кетирген жана алардын аракети мамлекеттин жана жарандардардын коопсуздугу коркунучта экенин айгинелөөдө.

“УКМКнын жетекчилигин отставкага кетирүүгө себеп көп. Мисалы кылмыш ишине далил буюм катары алынган 200 миң доллардын тергөөчүнүн кабинетинен уурдалышы, Баткен облусунун прокурорунун киши колдуу болгону, Кыргызстандан акча чыгарып кетүүгө көмөктөшкөн кытайлык ишкер Саймаитинин өлүмү жана анын өлтүрүлгөнгө чейин башкы консулдун дипломатиялык номер кадалган автоунаасын айдап жүргөнү, ШИИБден пара алуу, коррупцияга байланышкан 20 кылмыш ишинин жоголгону. Мындай шалаакылык биз кылмыштуулукту жоюп, коррупцияга бөгөт коюп, улуттук коопсуздукту камсыздайт деген мекемелердин криминалдашып кеткенинен кабар берет”, — деди укук коргоочу.

Ал органдарды азыркы абалында реформалоонун натыйжасы жок деп эсептейт. Азыркы укук коргоо мекемелеринин дегредациясы абдан эле тереңдеген жана аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес.

“Бардык саясий күчтөр жана жарандар коопсуздук акыбалын талкуулоо үчүн тез арада биригиши керек”, — деп белгиледи Рита Карасартова.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз